Панфилов районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 27-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондун 23 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда эки белгисиз адам “өлтүрөбүз” деп коркутуп, жанындагы баалуу буюмдарын алып коюшкан.
Панфилов райондук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча “карактоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Жүргүзүлгөн бир катар иштердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делинип 26 жаштагы Талантбек жана 23 жаштагы Талант кармалган. Алардын Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү экендиги аныкталган. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.