Аламүдүн районунда мал уурулукка шектелип Өзбекстандын тургуну кармалды

Аламүдүн районунда мал уурулукка шектелип Өзбекстандын тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 27-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Жыгач айылынын 63 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Айтымында, 26-февраль түнү белгисиз адамдар короосунан 5 баш коюн уурдап кетишкен. Ушундай эле арыз менен Озёрное айылынын тургуну да кайрылган. Анда короосундагы атын уурдап кеткени айтылган.

Бул факты боюнча Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы “мал уурулук” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектелип 27 жаштагы Т.А. кармалган. Ал Озёрное айылында убактылуу жашачу. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2014-02-28 09:41:57
baibai71 - 20 күнгө БАНга!
Провокацияга жол берилбейт жана башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан