Декабрь айындагы катуу сууктан өлкө боюнча 16 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган министрликтен маалым болгондой, каза болгондордун басымдуу бөлүгү Бишкекке туура келет. Он алтынын ичинен он эки адамдын сөөгү көчөдө табылса, төртөөнүн сөөгү өз үйлөрүнүн жанында табылган. Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен каза болгон 11 адам алкоголдук ичимдик ичкени тастыкталды.