Калининградда "мектеп окуучусун зордуктады" деп шектелген кыргызстандыктар окуя кыздын макулдугу менен болгонун айтышты. Бул тууралуу 28-февралда КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү деп кармалгандардын аты-жөнү такталган. Алар Талас облусунда 1991-жылы туулган Т.Р. жана 1985-жылкы Ч.Н. (туулган жери такталууда) экени аныкталып, тергөө абагына киргизилген. Кармалгандар кызды тааный турганын жана бул кадамга кыздын макулдугу менен барышканын айтышкан.
Эске салак, Калининград шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 24-февралда "15 жаштагы окуучуну зордуктады" деген шек менен 29 жана 23 жаштагы кыргызстандыктар кармалган. Шаардагы борбордук түйүндөрдүн биринде таанышып, кыз бирге ичип жүргөн курбуларын издеп жатканын айткан. Жамгырга кийимдери суу болуп калганын көргөндө, балдардын бири үйүнө чакырып, кийимдерин кургатып алууну сунуштаган. Балдар жашаган жерге келип, алкоголдук ичимдиктерди ичишкен. Андан соң жигиттердин бири жыныстык катнашты сунуштайт. Кыз сунушту четке какканда, аны зордуктап салышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири буга чейин уурулук үчүн соттолгону аныкталган. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.