ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинде мамлекеттик түзүмдөрдүн басма сөз кызматтарын реформалоо жөнүндө талкуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарада мамлекеттик түзүмдөрдүн басма сөз кызматтарын баалоо жана реформалоо жөнүндө сунуштар айтылды. Эл аралык эксперттердин сунуштары менен бирге жалпы талкуу жүрдү. Маалым болгондой, талкууга 50 катышуучу чакырылып, алардын катарын өкмөттүн өкүлү, президенттин аппаратынын мүчөлөрү жана медиа өкүлдөр толукташты.