Ошто тоноочулукка шектелип Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн Ош ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 13-январь күнү Алтын жана Нурик аттуу балдар ишкерди коркутуп, 700 000 сом акча жана автоунаасын алуу максатында денесине залал келтиришкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, зомбулук көрсөткөн адамдарга издөө жарыяланган.
Көрүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган Ош шаарынын 38 жаштагы тургуну П.Н. кармалды. Ал Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармалуучу жайына киргизилди.