Бүгүн, 28-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы уюштурган "Ууру" аталышындагы рейддин жыйынтыгын жарыялады.
Маалым болгондой, “коркутуу жолу менен 8 миң сом акча каражатын тартып алган” деген шек менен эки жаран кармалды. Алардын бири Аламүдүн районунун, экинчиси Бишкек шаарынын тургуну экени аныкталды.
Мындан тышкары рейддин жүрүшүндө “14 миң сомдук электр генераторун уурдаган” деген шек менен 31 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Ал буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар боюнча бир нече жолу шектелгендиги белгилүү болду.
Айтылган фактылар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.