Жалал-Абад. 250 миң сомдук цемент сактоочу челектер уурдалып, кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусуна караштуу “Промзона” аймагында жайгашкан 250 миң сомдук цемент сактоочу челектер уурдалып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аймакты текшерүү учурунда “Промзона” жеринде жайгашкан мүлктөр Кадыржан Батыровго таандык экени аныкталды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын тургуну И.Б. жана “Ал-КАБ” ЖКЧнын жетекчиси Т.Р. январь айында цемент сактоо үчүн жасалган 6 даана металл челектерди “Промзонадан” алып чыгып кетишкени белгилүү болду. Аталган темирлердин баасы 250 миңди түзгөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан