Ош шаарында Кытайдын башкы консулдугу ачылат

Бүгүн, 20-декабрда Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ван Кайвень Ош шаарында иш сапары менен болду. Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Элчи Ван Кайвень өзүнүн иш сапарында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Алимжан Байгазаков менен жолугушуп, Ошко Кытайдын башкы консулдугун ачуу тууралуу планын айтты. Ошондой эле ТИМдин түштүк боюнча өкүлү Данияр Сыдыков менен жолугушууда элчи мырза түштүк ЖОЖдорунун биринде Конфуций институтун ачуу пландарын, маданий-гуманитардык чөйрөдө жана айыл чарбада кызматташтыкты өнүктүрүү керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан