“Жылдын супер актёру” наамынын ээси Бектемир Мамаюсупов Кытайга окууга жөнөтүү үчүн 5 студентти тандап алды

“Салам, Нью-Йорк!” тасмасы аркылуу таанылып, “Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Жылдын супер актёру” наамына ээ болгон Бектемир Мамаюсупов Кытайдагы Синьцзян педагогикалык университетине окууга жөнөтүү үчүн кыргызстандык беш студентти тандап алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына билдирди.  

10 күндөн ашык убакытта таланттуу жаштарды иргеп алып, беш студентке Синьцзян педагогикалык университетине окууга жиберүү мүмкүнчүлүгүн ыйгарган Бектемир: “38 студенттин ичинен 5 кишини тандап алдык. Өз өнөрлөрүн көрсөткөн жаштар калыстардын упайынын негизинде жолдомону утуп алышты. Калыстык милдетти продюсер Замира Сатыбалдиева, актёр, сүрөтчү Дамир Абдраимов жана 4 жашынан бери Америкада чоңойгон Азиза аттуу кыз аркалады. Жолдомо ээлери жакшы аракет кылып, өз даярдыктарын далилдей алышты. Буюрса, кийинки жылдары 5 эмес, андан көп студентти жиберүүгө аракет кылам”,- дейт.

Кошумчалай кетсек, сынактын жеңүүчүлөрү 2014-жылдын сентябрь айында Кытайга сапар алышат. Жарым жылда кытай тилин үйрөнүп, өз дареметин сынаган жаштар ал жакта калып, окуусун улантууга мүмкүнчүлүктөр бар. Алар ай сайын стипендия менен да камсыз болушат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sheva
2014-03-01 15:28:13
Аззамат, эакшы кылыптыр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан