Ырчы Эмил Балтагулов: “АКШдагы куттуу ай Мавлид-Ан-Наби майрамында ыйман ырларын аткардык”

Бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына ырчы Эмил Балтагулов “АКШдагы куттуу ай Мавлид-Ан-Наби майрамында ыйман ырларын аткардык” деп билдирди. Анын айтымында, элди ынтымакка чакырган ырларын төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр да аткарып катышкан. 

“Чикаго, Сан-Франциско, Лос-Анжелес шаарларында Мухаммед пайгамбарыбыздын урматына арналган куттуу ай Мавлид-Ан-Наби майрамына Жеңишбек агам экөөбүз ыйман ырларын аткарып катыштык. "Мавлид-Ан-Наби" программасы - жаштарды тартиптүү жүрүүгө, ыйман жолунан чыкпай, ынтымактуу болууга чакырган иш-чара. Америкадагы мекендештердин суранычы боюнча Нооруз майрамын да ушул жакта өткөрүүгө даярданып жатабыз”,- деди ал. 

Ошондой эле Нооруз майрамы Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго шаарларында өтөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
balshirin
2014-02-28 20:05:29
азаматсыз Эмил аке))) сиздин ырланыз тарбиялык мааниси зор, журоктон орун алган ырлар
0
turatbek-92
2014-02-28 21:40:24
WOW!!! Golden Gate bridge!!!
0
Nurik_kbt93
2014-03-01 18:50:16
АЛЛА ыраазы болсун.Кыргызстанда ыйманга бекем болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан