Ооруканага ишке орноштуруу үчүн акча талап кылган медайымга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 28-февралда Ош ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык, 2014-жылдын 28-февраль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кадамжай районунун жашоочусу арыз менен кайрылган. Ал Ош облустук кургак учукка каршы борборуна ишке кирүү үчүн барса, борбордун улук медайымы 100 доллар жана 6000 миң сом акча талап кылып жаткандыгын билдирген.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесине (кызматкердин пара талап кылуусу) ылайык иш козголгон. Жүргүзүлгөн оперативдүү иш-аракеттердин натыйжасында бүгүн, саат 14:00 чамасында Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун улук медайымы М.О. кармалды.
Учурда анын баш коргоо чарасы тергөө бөлүмү тарабынан каралууда.