“Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын бейтаптарынан түзүлгөн “Общак” аталышындагы кылмыштуу уюм табылды” деп бүгүн, 28-февралда ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.
Оорукананын башкармалыгынын начар иштеп жаткандыгы кылмыштуу уюмдун түзүлүшүнө себеп болгон. Аталган уюмдун мүчөлөрү КРнын аймагында оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышкандыгы аныкталды. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы “кылмыштуу уюмду уюштуруу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
“ИИМдин Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Общактын” жетекчиси Салим Мажитов кармалды. Анын Тажикстандын жараны экени жана Бишкекте жашап тургандыгы аныкталды”,- деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, Боом капчыгайында "милиция кызматкерлерин аткылап, бирөөсүн өлтүрдү" деп шектелген Заур Магомедов Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада жаткан.