*1978-жылдын дал ушул күнү Швейцарияда
Чарли
Чаплиндин сөөгү уурдалган. Андан соң кылмышкерлер актёрдун туугандарынан акча
талап кылышкан. Бирок көп өтпөй полиция кызматкерлери кылмышкерлерди кармашып, Чарли Чаплиндин сөөгү 17-майда
кайра жерге коюлган.
*1990-жылдын 1-мартында ырчы
Аваз Акимов жарык дүйнөгө келген. Ал Ош облусунун Өзгөн районунун кулуну. Элге “Айганыш”
деген ыры менен таанылып, учурда көптөгөн ырлардын автору.
*Мындан 20 жыл мурун америкалык белгилүү ырчы
Жастин
Бибер жарык дүйнөгө келген. 2009-жылы анын "Бир мезгилде" ("One
time") аттуу альбому жарыкка чыгып, дароо хитке айланган. 30дан ашуун
өлкөгө жайылган бул альбому Жастиндин чыгармачылыгына чоң стимул боло алды.
*Мындан
3 жыл мурун Бишкек шаарындагы “М-Вектор”
иликтөө-консалтинг компаниясы өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын рейтингин
жарыялаган. Анда "Супер-Инфо" гезити 3 тармак
боюнча гезит-журналдар арасында 1-орунду алган. Сурамжылоого катышкан
адамдардын 63,9 пайызы "Супер-Инфо" гезитин окуй тургандыктарын
айтышкан. Буга байланыштуу аталган гезит "Кыргызстандагы эң көп окулган
гезит" деп табылган. Мындан сырткары окурмандардын 48 пайызы “Супер-Инфо”
сүйүктүү гезити экенин билдиришкен. Ал эми окурмандардын 32,7 пайызы
"Супер-Инфо" гезити маалыматтарды так жазат деп эсептеген.
Сурамжылоого 2400 адам катышкан.
Жылнаама толугу менен бул жакта...