Бүгүн, 1-мартта “Беш миң сом” кинокомедиясынын бет ачары болду. Ага белгилүү кыргыз киночулары, актёрлор, коомдук ишмерлер катышышты. Тасманын узактыгы 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Анда 2004-жылдан 2014-жылга чейинки айыл турмушу чагылдырылган. Режиссёру – Эрнест Абдыжапаров, продюсери – Съездбек Искеналиев. Тасмада куудул Жамбыл Камчиев, ырчы Асел Турдалиева, алып баруучу Нурзат Токтосунова, ырчы Съездбек Искеналиев өңдүү белгилүү жүздөр роль жаратышкан.