Эрнест Абдыжапаров: “Беш миң сом” тасмасын “Айыл өкмөтү-2” деп да койсо болот"

“Беш миң сом” тасмасын “Айыл өкмөтү-2” деп да койсо болот. Бул тууралуу аталган тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаров билдирди.

“Айыл өкмөтү” тасмасында 1990-жылдардан 2004-жылдарга чейинки көрүнүштү бир айылдын мисалында көрсөткөн болсок, мында 2004-жылдан 2014-жылдар аралыгында башыбыздан өткөргөн окуяларды тасмада чагылдырганга аракет кылдык. Ошол эле учурда муну саясий мыскыл жана тамаша, лирикалык комедия деп атасак болот. Бул тасмада көңүл ачуу болгону менен, артында кандайдыр бир тарбия, ой жатат”,- дейт Эрнест Абдыжапаров.

Айта кетсек, бүгүн, 1-мартта “Беш миң сом” кинотасмасынын бет ачары болду. Ага кыргыз киночулары, актёрлор, коомдук ишмерлер катышышты. Тасманын узактыгы 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Анда 2004-жылдан 2014-жылга чейинки айыл турмушу чагылдырылган. Режиссёру – Эрнест Абдыжапаров. Ал эми продюсери –Съездбек Искеналиев. Тасмада куудул Жамбыл Камчиев, ырчы Асел Турдалиева, алып баруучу Нурзат Токтосунова, ырчы Съездбек Искеналиев өңдүү белгилүү жүздөр роль жаратышкан.   

"Беш миң сомдун" чатагы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NBAA
2014-03-01 14:57:41
jakwy kino boluw kerek)) korgongo araket kylyw kerek)) uwundai sappatuu tarbiayluu kinolordu tartywsa tartat dese ele tarta beriwbei)) Talisman dagy ayabai jakwy kino eken
+1
volk7
2014-03-01 15:12:51
Kyrgyz kin0sun Ernist baikesiz elestete albaym
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан