“Бул тасмага канча каражат сарпталганын айта албайбыз. Качан өзүн актагандан кийин айтылат. Тасманын идеясы негизинен Санжар Абдыжапаровдун “Элүү сом” деген кыска метраждуу тасмасынан жана Келдибек Ниязовдун “Миң сом” деген сатирасынан улам келип чыккан. Анан ошол идеяны Эрнест байкеге айтып, өздөштүрүп, тасманы “Беш миң сом” деп атадык. Учурда коёндой окшош фильмдер көп. Бул жерде айылдагы жашоо, айылдагы тазалык, интрига чагылдырылган. Ошонусу менен башкалардан айырмаланат”,- дейт “Беш миң сом” тасмасынын продюсери Съездбек Искеналиев.
Айта кетсек, бүгүн, 1-мартта “Беш миң сом” кинотасмасынын бет ачары болду. Ага кыргыз киночулары, актёрлор, коомдук ишмерлер катышышты. Тасманын узактыгы 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Анда 2004-жылдан 2014-жылга чейинки айыл турмушу чагылдырылган. Режиссёру – Эрнест Абдыжапаров. Ал эми продюсери –Съездбек Искеналиев. Тасмада куудул Жамбыл Камчиев, ырчы Асел Турдалиева, алып баруучу Нурзат Токтосунова, ырчы Съездбек Искеналиев өңдүү белгилүү жүздөр роль жаратышкан.