*1657-жылдын дал ушул күнү
Япониянын Эдо шаарында
чоң өрт башталган. Өрттү өчүрүү 3-күнгө созулуп, шаардын 70 пайызы күйүп
калган. Ошондой эле 100 миңден ашуун
адамдын өмүрүн алып кеткен.
*1831-жылдын 2-мартында орус акыны
Александр Пушкин
менен Наталья Гончарова баш кошкон. Ал учурда Пушкин 31 жашта, Наталья 18 жашта
болгон. “Большое Вознесение” чиркөөсүндө алар бири-бирине шакек салып жаткан
маалда Пушкиндин шакеги жерге түшүп, андан соң шам өчкөн. Буга акын "Жаман
жышаан, баары бүттү!" деген.
*1990-жылдын бул күнү ырчы
Жаным Айзат жарык дүйнөгө келген. Аны репертуарындагы “Сүйдүм сени”, “Махабат
аллеясы” аттуу ырлары элге тааныткан.
*Мындан 22 жыл мурун Кыргызстан Бириккен
Улуттар Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Чечим добуш берүүсү жок, бардык өлкөлөрдүн
жактыруусуна ылайык чыгарылып, ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
желеги Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун имаратына салтанат менен
көтөрүлгөн.
Жылнаама толугу менен бул жакта...