Украинанын Харьков шаарындагы кагылышуудан 97 адам жабыркады. Айрымдарынын абалы оор. Бул тууралуу “Интерфакс-Украина” агенттиги кечээ, 1-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 1-мартта Харьков шаарынын облустук администрациясынын имаратынын алдында Орусияны жактаган активисттер митинг өткөрүшкөн. Анда алар облустук администрацияга чабуул коюшуп, кайтарып турушкан жаңы бийликтин өкүлдөрүн кууп чыгышкан. Митингчилер облустук администрацияга Орусиянын желегин илип алышты.
Ошондой эле 1-мартта Донецк шаарында да облустук администрацияны басып алууга аракет жасалган. Ал жакта митингге чыккандар Киевдин карамагынан чыгуу талабын коюшту.