Билим берүү жана илим министрлиги: "Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчисине буйрукка баш ийбегендиги үчүн сөгүш берилет"

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлнара Тагаевага токтомго баш ийбегендиги үчүн сөгүш берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтен "кышкы каникул 24-декабрдан башталат" деген буйрук өлкөнүн бардык билим берүү мектептерине берилгенин жана Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлнара Тагаевага сөгүш жарыялоо тууралуу чаралар көрүлүп жатканын айтышты. "Биз азыр сөгүш берүү тууралуу чараларды көрүп жатабыз. Анткени каникул 24-декабрдан башталары тууралуу чечим Мамлекеттик эпидемиялык борбордун мектептерди текшерүүсүнөн кийин кабыл алынган. Бирок биз эпидемиялык борборго шаар мектептерин кайрадан текшерип чыгуу тапшырмасын беребиз. Анткени биз ошолордун текшерүүсүнөн кийин гана каникулга эрте чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганбыз" дешти Билим берүү жана илим министрлигинен. 

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаардык мэрия мэриянын алдындагы билим берүү башкармалыгына шилтеме берүү менен борбор калаадагы мектептерде каникул 31-декабрдан башталарын маалымдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан