Сокулук районунда 5 бөлмөлүү турак үй толугу менен өрттөнүп, үй ээсинин аялы каза болду

Сокулук районунун Фрунзе айылында 5 бөлмөлүү турак үй толугу менен өрттөнүп, үй ээсинин аялы каза болду. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 3-мартта билдирди. 

Маалыматка караганда, өрттүн келип чыгуусуна электр тиричилик шаймандарын колдонуудагы эрежелердин бузулушу себеп болгон. Өрт учурунда коңшусу үй ээсин жана балдарын терезеден алып чыгып, өлүмдөн сактап калган. Учурда алар ооруканага жеткирилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muha.kg.kg
2014-03-03 09:51:47
Кудай сакта жакшы болуп кетишсин.Аялынын жаткан жери жайлуу болсун.ушундай тилсиз жоодон кудай сактасын баардыгыбыз уй булобуз менен бар бололучу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан