“Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасы “Оскар” сыйлыгына арзыды

Кечээ, 2-мартта Лос-Анжелес шаарында 86-ирет “Оскар” сыйлыгын салтанаттуу тапшыруу аземи болуп, анда “Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасында роль жараткан Люпита Нионго экинчи пландагы актриса катары “Оскар” сыйлыгына арзыды. Ал бул сыйлык үчүн жарышта Женнифер Лоуренс (“Америкалык түрдөгү алдамчылык”), Жулия Робертс (“Август”), Жун Скуибб (“Небраска”) жана Салли Хокинс (“Жасмин”) сыяктуу атаандаштарын артка таштаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 31 жаштагы мексикалык актриса Люпите Нионго тартылган “Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасы анын карьерасындагы алгачкы толук метраждуу тасма.   

Кошумчалай кетсек, андан тышкары “Далластагы сатуучулар клубу” тасмасында роль жараткан Жаред Лето экинчи пландагы мыкты актёр катары “Оскар” сыйлыгына ээ болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gooool
2014-03-03 12:51:41
Кече кечинде кордум эле сонун кино экен....
0
Sheva
2014-03-04 16:24:42
Мен аяк жагынле коруп калдымда. Жакшы кино экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан