ЖКда кыз ала качууга каршы жазаны күчөтүүгө багытталган мыйзам кабыл алынды
Бүгүн, 20-декабрда парламентте "КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору кабыл алынды. Депутат Айнуру Алтыбаева демилгелеген бул мыйзам Кыргызстанда кыз ала качууларга жазаны күчөтүүгө багытталган. Тактап айтканда, кыздын макулдугусуз мажбурлап ала качкан жарандарды 3-5 жылга чейин эркинен ажыратуу жагы каралган.