Казакстандын түштүгүндө катталган жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон эки кыргызстандыктын аты-жөнү аныкталды

Казакстандын түштүгүндө каза болгон эки кыргызстандыктын аты-жөнү аныкталды. Алар 1975-жылы туулган Э.Курманалиева жана 1949-жылы туулган К.Айжигитов. Ошондой эле аталган жол кырсыгынан 1964-жылы туулган С.Аширов жана 1967-жылы туулган Г.Нурматова аттуу жарандардын каза болгондугу да аныкталган. Бирок азырынча бул экөөнүн кайсы өлкөнүн жарандары экени такталууда. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Эске сала кетсек, 2-мартта Казакстандын Жамбыл облусунда жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус менен кичи автобус кагышкан. Анын кесепетинен 11 адам жабыркап, 8 кыргызстандык жаран жана кичи автобустун айдоочу каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tolkun85
2014-03-03 11:04:16
жаткан жерлери жайлуу болусун!!!айналайын айдоочулар шашылбаай айдагылаачы бараар жеринерге бир саат эрте болбосо бир саат кеч барасынар,
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан