1-март күнү кечинде Бишкектеги №3-балдар ооруканасына жаткан бейтаптын энеси кулак-мурун дарыгерин ур-токмокко алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына аталган мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова кабарлады.
Анын айтымында, 2 жашар бала оорукананын ЛОР бөлүмүнө 27-февралда жаткырылган. Аны энеси карап жаткан.
"Биринчи күндөн бери аял ар ким менен чырдашып баштаган. Ал 1-мартта саат 21:00 чамасында баланы көзөмөлдөө максатында келген дарыгер айым менен чырдашып кетип, анын рефлекторун жулуп алып бетине чапкан. Андан соң бети менен дубалга эки жолу жана полго сүздүргөн",- дейт Гүлнара Жанабилова.
Мындан тышкары ал аял “менин күйөөм аскер кызматкери, баарыңарды жерге көмүп салат” деп коркуткан.
“Ур-токмокко алынган дарыгер Улуттук госпиталга жаткырылды. Ага “мээнин чайкалышы” деген диагноз коюлду”,- деди Жанабилова.