Жалал-Абад облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн "Тартип" рейдинин жүрүшүндө 3 кылмыштын: 1 адам өлтүрүү, 2 бейбаштык фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан сырткары милициянын профилактикалык каттоосунда турган 141 адамдын ичинен мурда соттолгон 48 жана 11 психикалык жактан жабыркагандар текшерүүдөн өткөрүлдү.