Кытай: Куньмин шаарында темир жол бекетиндеги террорчулардын кол салуусунан 34 адам каза тапты

1-мартта Кытайдын Куньмин шаарында темир жол бекетиндеги террордук кол салуудан 34 адам каза таап, 100дөн ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, капкара кийинген 10дон ашык адам чоң, узун бычактары менен темир жол бекетиндеги жүргүнчүлөрдү четинен өлтүрүп киришкен. Бир нече мүнөттүн ичинде темир жол бекети кызыл жаян канга боёлуп, өлүктөр жана жабыркагандар толуп чыккан.

Жергиликтүү полиция кызматкерлери окуя болгон жерден 4 кылмышкерди атып өлтүрүшкөн жана бирөөсүн колго түшүрүшкөн. 

Кытай бийликтери бул ишти уюштурууга Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун сепаратисттерин күнөөлөп жатышат жана алар катуу жазаланышарын айтышууда.

Белгилей кетсек, Куньмин шаары - Кытайдын ири провинциясы Юньнандын борбору. Анда 6 миллиондон ашык адам жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан