Мыкты актёр катары “Оскар” сыйлыгын Мэттью Макконахи алды

Актёр Мэттью Макконахи “Далластагы сатуучулар клубу” тасмасында жараткан ролу үчүн мыкты актёр катары “Оскар” сыйлыгына арзыды. Бул сыйлык үчүн жарышта ал Кристиан Бейл (“Америкалык түрдөгү алдамчылык”), Леонардо ди Каприо (“Уолл-стриттеги бөрү”), Чиветел Эжиофор (“Кулчулуктагы 12 жыл”), Брюс Дерн (“Небраска”) сыяктуу актёрлорду артка таштады. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта чет элдик маалымат булактары кабарлады.

2-мартта Лос-Анжелес шаарында 86-ирет уюшулган “Оскар” сыйлыгын салтанаттуу тапшыруу аземинде “Мыкты актриса” наамына Кейт Бланшетт “Жасмин” тасмасында жараткан ролу үчүн арзыды.

Буга чейин “Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасында роль жараткан Люпита Нионго экинчи пландагы актриса катары “Оскар” сыйлыгына арзыса, “Далластагы сатуучулар клубу” тасмасында роль жараткан Жаред Лето экинчи пландагы мыкты актёр катары сыйлык алган.

Ал эми Стив Маккуин режиссёрлук кылган “Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасы 2013-жылдын “Мыкты тасмасы” катары “Оскар” сыйлыгына арзыды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
inoplanetyanin
2014-03-03 14:49:18
епырысыты! Лео алат деп олтурсам(((((
Это не у Лео нет Оскара, а у Оскара нет Лео!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан