Иса Өмүркулов Түштүк магистралды аягына чейин куруп бүтүүгө убада берди

"Түштүк магистраль аягына чейин курулуп бүтөт". Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди. "Түркия бөлүп берген гранттын эсебинен Түштүк магистраль жолу чыгыш жана батыш багытында эки тараптуу болуп курулат. Биз бул магистралды шаардын чек арасына чейин куруп бүтүрүүнү пландап турабыз. Унаа жол шаардын борбордук трассаларындагы тыгындарды азайтат”,- деди Иса Өмүркулов. Ошондой эле шаар башчысы алдыда Кытай бөлүп берген гранттын эсебинен Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрү оңдолорун айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан