Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы облустук китепканада тогуз коргоол оюну боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта тогуз коргоол боюнча башкы калыс Нурия Султанмуратова билдирди.
Турнирге республиканын бардык аймагынан 120га жакын спортчу катышууда. Спортчулар оюндун классика түрү, андан кийин блиц жана рапит түрлөрү боюнча күч сынашып, шарт боюнча ар бир оюнчуга 15 мүнөттөн 3 саатка чейинки убакыт берилип жатат. Спорттук мелдеш 9-мартка чейин уланат.