Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1-март түнү Төмөнкү Нооруз – Жер-Казар унаа жолунан Хонда Одиссей унаасы жол кырсыгына кабылган. Анда 33 жаштагы айдоочу рулду башка албай калып, бакты сүзүп алган. Алган жараатынан улам айдоочу ошол жерден көз жумган.