Түркияда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы белгиленүүдө

Түркияда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бүгүн, 3-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, акындын 150 жылдыгын белгилөө аземинин ачылышы бүгүн, 3-мартта Түркиянын борбору Анкара шаарындагы Мамлекеттик сүрөт искусствосу жана скульптура музейинде болуп өттү. Эртең, 4-мартта бул иш-чара Эскишехирде, 5-мартта Стамбулда белгиленмекчи.

Иш-чарага КРнын Вице-премьер-министри Камила Талиева, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, министрликтин кызматкерлери жана башкалар катышат. 

Ачылыш салтанатынын алкагында Т.Сатылгановдун өмүрү жана ишмердүүлүгүнө арналган документалдуу фильм көрсөтүлүп, ал тууралуу филология илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшев жана филология илиминин кандидаты Мээрим Төкөлбаевалар лекция окушат. Ошондой эле КРнын Эл артисти Саламат Садыкова жана Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын «Камбаркан» фольклордук тобу концерт тартуулашат.

Белгилей кетсек, 2013-жылы ноябрда “ТҮРКСОЙ” уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин жыйынында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри С.Раев 2014-жылды түрк дүйнөсүндө Токтогул Сатылганов жылы деп жарыялоо боюнча сунуш киргизип, ал бир добуштан колдоого ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан