“Учкун” концернинин 9-кабатынан өз жанын кыюу максатында бой таштаган жигит 27-февралда көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Бишкектин №4-шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, бой таштаган жигиттин кыр аркасы сынып, бөйрөктөрү жабыркап, баш мээсинен жаракат алган. Мындан тышкары анын буга чейин кургак учук жана гепатит менен ооругандыгы өлгөнүнө себеп болду.
Эске салсак, 19-февралда саат 12:00 чамасында Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан “Учкун” концернинин 9-кабатынан өз жанын кыюу максатында 34 жаштагы жигит боюн таштаган. Ал №4-шаардык ооруканага алынып келинген. Жигиттин Республикалык психиатриялык ден соолук борборунда каттоодо турганы аныкталган. Жалпысынан ага оң буттун балтыр бөлүгүндөгү сөөгүнүн ачык сынышы, экинчи бел омурткасынын жабык сынышы, баш мээнин жаракаты, көкүрөк клеткасындагы жаракаты жана бөйрөктөрдүн жабыркаганы боюнча диагноздор коюлган.