Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн жетекчисине кылмыш иши козголду

Ош мэриясынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн жетекчиси М.У. жана "Зеңги-Ата" ААКсынын жетекчиси А.Бга фонтанды экспертизасыз кургандыгы үчүн Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы кызматы тарабынан кылмыш иши козголду. М.У. кызмат абалынан пайдаланып, аталган ААК менен Ош шаарындагы Нурматов көчөсүнө фонтан куруу үчүн мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзгөн. Жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине 3 миллион 581,9 миң сом зыян келип, учурда жогоруда аталган 2 адамга карата кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан