Депутат Абдыманап Кутушев КРнын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарына начар мамиле жасап жатканын айтып, буга чара көрүш керектигин билдирди

Депутат Абдыманап Кутушев 20-декабрдагы ЖКнын жыйынында Орусиядагы КРнын элчилигине нааразы экенин айтты. Ал белгилегендей, элчилик кыргызстандык мигранттарга начар мамиле жасайт. "Биз жакында Орусияда өткөн кыргыздардын конгрессине катышып келдик. Бул конгресске аталган өлкөнүн 45 аймагынан келген 450 делегат катышты. Мени капа кылганы, КРнын Орусиядагы элчилиги болду, анткени элчиликтен иш-чарага бир да өкүл катышпады. Элчилик иш-чараны тоготпой, аны болтурбоого аракет кылды. Эмне үчүн алар мигранттарга мындай салкын мамиле жасайт? Ал тургай Владивосток шаарынын мэри бул конгресс тууралуу ММКлардан угуп калып, ошол аймактагы кыргыздардын жол киресин төлөп берип жөнөтүптүр. Элчиликтин мындай мамилеси боюнча өкмөт маселе көтөрүш керек" деди депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан