30-мартта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Мини мисс Кыргызстан-2014” деген аталышта сулуулар сынагы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу топтун мүчөлөрү кабарлашты.
Маалыматка ылайык, быйыл 15-ирет уюшулуу астында турган сынакка 7 жаштан 14 жашка чейинки кыздар катышат жана азырынча катышуу тилегин билдиргендердин саны 17ге жетти.
Баш байгеге ээ болгон жеңүүчү Венгрия жана Хорватия өлкөлөрүндө өтүүчү эл аралык сынакта Кыргызстандын желеги астында чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.