Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстандын муфтийи болуп шайланды

Бүгүн, 4-мартта Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз V Курултайында Максатбек ажы Токтомушев муфтий болуп шайланды. Добуш берүүдө 195 делегаттын 194ү макул болуп, бири каршы чыкты.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын бардык аймактарындагы 200 делегатынан 195 адам Курултайга катышууда. Төртөө кечигип, бирок добуш берүүгө жетишишти.
Эскерте кетсек, Максатбек ажы Токтомушев муфтийликке жалгыз талапкер болгон.
Максат ажы Токтомушев 1973-жылдын 9-августунда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын атасы. Билими жогорку, 1998-2005-жылдары Пакистандын Лахор шаарындагы “Медресе Арабия” университетинин шарият факультетин бүтүргөн. 2010-2013-жылдары Бишкек шаарынын казысы, 2013-жылдан баштап муфтийдин орун басары болуп иштеп келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан