Кыргызстандын муфтиятынын жобосунда “уламалар” деген сөз “аалымдар” дегенге алмаштырылды жана башка сунушталган өзгөртүүлөр бекитилди

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз V Курултайында Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын (КМДБ) жобосуна сунушталган өзгөртүүлөр бекитилди.

Жаңы жобого ылайык, “уламалар” деген сөз “аалымдар” дегенге өзгөртүлдү. Мындан тышкары Аалымдар кеңешиндеги мүчөлөрдүн саны 14 адамга кыскартылып, эми 21 адамдан турат. Аалымдар кеңешинин төрагасы 1 жылга шайланат. Кеңештин отурумуна муфтий, орун басарлары жана казылар катыша алат, бирок шайлоо укугуна ээ эмес. Муфтий Аалымдар кеңешинин төрагасы боло албайт. Ошондой эле Аалымдар кеңеши жылына 2 ирет чогулуп келген болсо, эми жыл бою туруктуу иш алып барышат. Жаңы жобого ылайык, муфтий 3 жылга шайланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан