Маалыматка ылайык, 2-март күнү ок атышуунун катышуучуларынын бири Т.Азамат агасын таксист катары жумушка орноштурууну көздөп Т. уулу Адилетке кайрылган. Ал бригадага киргизүү үчүн 20 миң сом сураган. 3-мартта орун алган эки тараптуу жолугушуу учурунда алардын ортосунда кайым айтышуу чыгып, ал ок атышууга чейин жеткен. Жыйынтыгында ок атышуу учурунда Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты А.Коёналиев жаракат алган.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 3 адам кармалып, алардан «Бакал» үлгүсүндөгү травматикалык тапанча, Иж 16 үлгүсүндөгү сайсыз мылтык алынган.
Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү) жана 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.