Кыргызстандын мурдагы айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевге кылмыш иши козголду. Муну бүгүн, 4-мартта Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Экс-министр "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда. Чыңгысбек Узакбаев министр болуп турганда өзүнүн бир тууганы С.Узакбаев жетектеген “Бапа” дыйкан чарбасына мыйзамсыз түрдө 419 миң доллар насыя берүү үчүн кол алдындагыларга буйрук бергени айтылды. Аталган дыйкан чарба насыя алуучуларга тийиштүү болгон талаптарга жооп берген эмес.
Учурда факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.