Казакстандагы жол кырсыгынан каза тапкандардын сөөгү Кыргызстанга алынып келинди

2-мартта Казакстандын Жамбыл облусунда, Алматы-Ташкент автожолунда болгон жол кырсыгынан каза тапкан 4 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келинди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-мартта ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери Казакстандын Кордай районуна барып, аталган жол кырсыгынан каза тапкан 1 жарандын сөөгүн Кара-Балта шаарына алып келишти. Ал эми 3 жарандын сөөгүн туугандары өздөрү алып кетишкен. Каза болгондор:

- Х.Садыков, 46 жашта, кичи автобустун айдоочусу, Аламүдүн районунун Васильевка айылынын тургуну;

Ж.Эшанов, 33 жашта, Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач айылынын тургуну;

Е.Маркелова, 30 жашта, Бишкек шаарынын тургуну;

- С.Касимова, 34 жашта, Кара-Балата шаарынын тургуну.

Булардан сырткары Казакстандын 3, Орусиянын 1 жараны аталган жол кырсыгынан каза тапкан. Ал эми жабыркагандар Кордай райондук ооруканасына жана №63302-аскердик госпиталына жаткырылган.

Эске салсак, 2-мартта саат 21:40 чамасында Алматы-Ташкент автожолунда VanHooL үлгүсүндөгү автобус менен Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус кагышып, анын кесепетинен 8 адам мүрт кетип, 4 адам жараат алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bazar
2014-03-04 13:12:05
Жаман иш болуптур да... Эмне дейбиз? Жараткан мээримине алсын, бейишинен оорун берсин...
0
gooool
2014-03-04 13:17:05
Эмнеге токтотушпайт россияга кичи автобус менен адам ташыганды...??? ...качан токтойт???
0
nurali20
2014-03-04 16:55:21
Жаткан жерлери жайлуу,топурагы торкоо болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан