Баткен. Кадамжай районунда газга ууланып 1 адам каза тапты

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Селхоз айылында бир үй-бүлө газга ууланып, 75 жаштагы үй ээси, анын 58 жаштагы жубайы, 26 жаштагы кызы, 21 жаштагы уулу жана 7-класста окуган небереси ооруканага келип түшкөн. Алар үй жылытууда сандал колдонуп, башкача айтканда, тазиктин ичине көмүр жана отундарды салып, анын бетин кездеме менен жаап коюп жылытышкан. Үйдү мындай жол менен жылытууда сандалда күйгөн отундун жана көмүрдүн түтүнүн чыгара турган жери жок болуп, анын баары үйгө чыгып кетет. Натыйжада алар ууланып, үй ээсинин жубайы ошол жерде каза тапкан. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан