Баткен шаардык мэриясы тарабынан шаардын бардык мекеме-ишканалары арасында административдик имараттарды мыкты жасалгалоо боюнча сынак жарыяланган. Ушундай эле сынак Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Ариповдун демилгеси менен райондук ишкана-мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында да жарыяланды. Учурда жасалгалоо иштери кызуу жүрүүдө. Жеңүүчүлөр Жаңы жылга карата аныкталып, сыйлыктар тапшырылат.