Бишкекте 15-17 жаштагы кыздар иштеген сойкукана табылып, кылмыш иши козголду

"Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан сойкуканада жашы жете элек кыздар иштеген",- деп бүгүн, 4-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган жыныстык кызмат көрсөткөн уюкта Кыргызстандын аймактарынан келген 15-17 жаштагы кыздар сойкулук менен алектенишкен. Жыныстык кызматтын баасы 1000 сомдун тегерегинде болгон.
"Сойкукананын ээси 37 жаштагы Т.Гүлбара өзү мурун сойку болгон экен. Эми жаш кыздарды иштетип жатыптыр. Андан тышкары 21 жаштагы М.Диана кармалды. Ал ишкананын администратору кызматында иштеген. Т.Гүлбара жана М.Диана убактылуу кармоочу жайга отургузулду",- деп билдирет Бишкек ШИИББи.
Бул факты боюнча "сойкулукту уюштуруу же аны кармоо" беренесинин негизинде кылмыш иш козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
boztalaa
2014-03-04 16:02:57
Доля бербей койгон экенда иимге
+8
tokmok.93
2014-03-04 16:36:23
кудай сактасын..жапжаш кыздарга эмне жетишпейт ата энесинин алдында эркелеп журо беришпейби.алты саны аман официантка болсо деле оздоруно жетмек эле го.ал эми иштеткен аялды соттоп салыш керек омур бою турмодо чирисин.
0
maks83
2014-03-04 19:34:45
эми эмне кылабыз айтканга соз жок (шок)
0
altynbek-
2014-03-04 20:20:56
Буларды жаагы эмне кармашты эмнеге типа соттоп атышаат билбеим же буга чеийнки сойкуларды эе ошол ишти уйштургандарды камап салык салып кандайдыр чара кордунорбу жок жок койо береминер калп эле элге актанып озунор уят болосунар мыйзамды сойкуда Саляновада тоготпойт алар озудорун ойу мыйзамы мн жашайт эх мекеним бул кантип болсун дагы мыйзамда бирден ашык уйлонгонго болбойт экен калганы сойку болсун деген мыйзам ал качан баш которуп журобуз экен кыргыз кыз менин карындашым менин эжем деп
0
Ulibem
2014-03-04 21:06:58
Экоону,Кызматтагы кыздардын тууган уругуна салып бериш керек,ортого салып ташбаранга алып кан жуткузганда,башка Директор,Администраторлорго улгу болмок!
0
dikeii
2014-03-04 21:17:26
соттош керек былгыткан сон сотто эми. соттолот деп ишенем.
0
ALI2012
2014-03-04 22:02:46
биринчи кармаган органдарды соттош керек. Себеби бугун кармайт эртеге чонтогуно сом салса сени коргон жокмун деп койоберет
0
Dodon
2014-03-05 00:03:04
жашы жетелек кыздардан сойку кылгандардын квартирасын баардык байлыгын тартып ала турган закон чыгарыш керек.антпесе токтобойт камайт дагы кайра чыгарып жиберишет себеби милицияларгада салык берип турушат.
0
azhibaeva.2012
2014-03-05 00:11:33
Милициялар кармаганга жараша чара колдонушу керек да? Акчасын албастан
0
jojoshka03
2014-03-05 09:54:34
жашы жете элек кыздарды иштеткен акмактар буларды камаш керек
0
Kara_kyrgyz
2014-03-05 11:34:18
мындай нерсе конумуш адатка айланып бараткансыйт негедир. Кармалды, суралды, кайра кое берилди эмне результат чыкмак? Жакшысы ошол ишкананын (сойкукананын) башкы ээсин ХХХ ХХХ алыш керек
0
admin_superstan
2014-03-05 11:36:40
Kara_kyrgyz - эскертүү! Эмоцияны кармайбыз, провокацияга жол берилбейт.
0
Almabek
2014-03-05 11:50:48
Берки кытай сутенерлор эмне болду, качып кетишпедиби?
+1
infiniti
2014-03-05 17:35:13
Мындайдын даалайы болот. Али баары алдыда.
0
010288
2014-03-05 18:18:07
оозума келмени зорго келтирдим окуп алып
+1
kipchak
2014-03-05 22:36:32
Kaida barba Mamaidyn koru.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан