Эртең, 5-мартта Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайда "Чыгыш кайрыктары" аттуу жаш аткаруучулардын сынагы өтөт. Сынак белгилүү аткаруучу-комузчу, Токтогулдун, Жеңижоктун устаты, азыркы кезде музыкалык окуу жай атын алып жүргөн залкар талант Ниязалы Борош уулунун 158 жылдык мааракесине карата өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта уюштуруучулар билдиришти.
Иш-чаранын максаты Кыргызстандын түштүгүндөгү музыканттарды, алардын арасынан жаш таланттарды элге таанытуу жана аткаруучу катары калыптануусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат. Сынак үч тур менен өтөрү белгилүү болду. 2-туру 26-мартта, ал эми 3-тур 28-мартта өтөт.