Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 19 өрт кырсыгы катталды
ӨКМдин алдындагы Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, өткөн бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 19 өрт кырсыгы катталды. Бишкек шаарында - 5, Чүй облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 1, Ош облусунда - 2 жана Ош шаарында 2 өрт кырсыгы болуп өттү. Тилсиз жоонун кесепетинен Ысык-Көл облусунун Көк-Ой айылында 3 тонна үрөн күйүп кетти.