Түркияда Токтогул Сатылганов атындагы медаль негизделди. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта "ТҮРКСОЙ" уюмунун башчысы Дюсен Касеинов кыргыз өкүлчүлүгү менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, бул сыйлык кыргыздын улуу акын-композитору Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгынын урматына негизделген. Аталган медаль маданиятка, илим-билимге салым кошкон ишмерлерге ыйгарылмакчы.
Кошумчалай кетсек, бул сыйлык менен алгачкылардан болуп КРнын Вице-премьер-министри Камила Талиева, маданият министри Султан Раев сыйланды. Дагы бир медаль КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевге Түркияга барган кыргыз өкүлчүлүгүнөн берип жиберилгендиги кабарланды.