Бишкектин эки районунда "Ууру" аталышындагы рейд жүргүзүлүп, кылмышка шектүүлөр кармалды

Бүгүн, 4-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы Свердлов жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыктары уюштурган "Ууру" аталышындагы рейддин жыйынтыгын жарыялады.

Маалым болгондой, “бирөөнүн үйүнө кирип, 12 сомго барабар буюмдарды уурдады” деген шек менен 52 жаштагы К.Замир кармалды. Ал Бишкек шаарынын тургуну экени аныкталды.

Мындан тышкары “унаанын арткы терезесин сындырып, 5800 сомдук буюмдарды уурдады” деген шек менен 26 жаштагы У.Мирбек колго түшүрүлдү. Ушундай эле шек менен 21 жаштагы Ю.Евгений колго түшүрүлдү.

Свердлов РИИБинин кызматкерлери “коркутуу жолу менен 8 миң сом жана уюлдук телефонду тартып алды” деген кылмышка шектүү 17 жаштагы жигитти кармашты.

Айтылган фактылар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан