Кечээ, 3-мартта Октябрь районунун паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери “жалпы жарандык паспортту берүү үчүн 5500 сом пара талап кылган” деген айып менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын февраль айында Бишкектин тургуну коррупция боюнча милиция кызматкерлерине кайрылган. Бишкек шаардык прокуратурасы “пара талап кылуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
“3-мартта ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Октябрь районунун паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери 5500 сом пара алып жаткан жеринен кармалды”,- деп айтылат маалыматта.