Данияр Тербишалиев: "Максим Бакиев мамлекеттик материалдык резервдер Фондун өз үйүндөй эле көрчү"

ЖКнын КСДП фракциясынын 21-декабрдагы жыйынында “Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө” КРнын мыйзам долбоору каралды. Жыйынга аталган фракциянын депутаттары, КРнын Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Шералы Абдылдаев катышты. Депутат Данияр Тербишалиев "Мамлекеттик материалдык резервдер фонду мурунтан эле эң бир коррупцияланган орган катары белгилүү" деп билдирди. Анын айтымында, аталган фонддогу эски системди жоюш керек. "Бул фондду убагында Максим Бакиев өз үйүндөй эле көрчү. Ал жерден каалаганын алып, өзү билгендей пайдаланчу" деди Тербишалиев. Депутаттын бул пикири боюнча фонддун төрагасы Шералы Абдылдаев жооп берип, учурда коррупция боюнча ачык күрөш жүрүп жатканын айтты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан